Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:46

Солтон-Сары маселеси өкмөттүк жыйында каралат


Бул тууралуу жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенаманов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтуусунда, өткөн апта соңунда жергиликтүү тургундар менен кенде болгон чыр, анын тегерегиндеги маселелер тууралуу сөз болмокчу. Солтон-Сары алтын кени «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын карамагында, ал эми кендин бир бөлүгү болгон Бучук алтын кени мындан үч жыл мурун жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан Кытай ишкерлерине берилген.

26-август күнү Нарындын Эмгекчил айлынын 300дөй тургуну Солтон-Сары алтын кениндеги Бучук кенин иштетип жаткан кытай ишканасына барып, ал жердеги үч милиционерди жана кытайлык үч жумушчуну сабап салышкан. Облустук милиция бул окуя боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдоодо.(ZKo)

XS
SM
MD
LG