Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:46

Обама "Айрин" бороону дагы эле кооптуу деп билдирди


АКШ президенти Барак Обама "Айрин" бороону өз күчүн жоготуп баратканы менен дагы эле кооп жаратууда деди. Анын алдында "Айриндин" деңгээли урагандан тропикалык бороонго чейин түшүрүлгөн. Өлкөнүн чыгыш жээгинде 5 миллиондой турак жай электрэнергиясыз кала берүүдө.

Бирок Нью-Йорк шаарынын чукул кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчиси Йозеф Бруно эң коркунучтуусу артта калды деп билдирди. Шаардын айрым жерлерин суу каптап, аэропорттор жабык турат. Мэр Майкл Блумберг 370 миңдей кишини эвакуациялоого буйрук берген. Акыркы маалыматтар боюнча, табигый кырсыктан 15 киши каза болду. Ураган Канада тарапка жылып жатканы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG