Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:05

Сирия: Хама шаарынын прокурору нааразылык иретинде кызматтан кетти


Сириянын Хама шаарынын башкы прокурору YouTubeда жарыяланган видеотасмада кызматынан кеткенин билдирди. Ал бул кадамын антиөкөмттүк чыгуулардын күч менен басылышына макул эместиги менен түшүндүрдү. Аднан Мухамед ал-Баккур сириялык маалымат каражаттарынын аны уурдап кетишкен деген кабарын четке какты. Ал 1-июлда Хамада коопсуздук күчтөрү 72 туткунду өлтүрүшкөндүгү үчүн нааразылык иретинде кызматынан чегингенин айтты.
Прокурордун айтымында, шаарга чабуул жасалганда 420 киши набыт кеткен, сөөктөрдүн көбү коомдук парктарга чогусу менен көмүлгөн.
Баккур Сириядан чыгып кетеери менен дагы бир топ маалымат бере алаарын кошумчалады. Сириянын коопсуздук күчтөрү Хама шаарында кала беришүүдө. Кечээ аскерлер демонстрацияларга катышкан активисттерди издеп, үйлөрдү тинтишти.

XS
SM
MD
LG