Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Кумар оюндарына каршы митинг өтүүдө


Бишкектеги Ак үйдүн алдында 20дай адам Кыргызстандагы кумар оюн залдары, казинолорду жабуу талабы менен митинг өткөрүп жатышат. Ага “Сезим” кризистик борборунун өкүлдөрү жана балдары кумар оюндарына берилип кеткен ата-энелер катышууда. Чогулгандар өлкөдө оюн залдары көп болгондуктан, жаш эле балдар кумар оюндарына көз каранды болуп, тагдыры талкаланып жатканын “Азаттыктын” кабарчысына билдиришти.

Ал эми Кыргызстандагы оюн бизнеси боюнча ассоциациянын өкүлдөрү оюн залдарын жапканда жашыруун бизнес өсүп кетерин, андан көрө бул тармакты ирээтке келтирип, мыйзамдаштыруу керектигин “Азаттыкка” кабарлашты.

(KKs)

XS
SM
MD
LG