Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:32

Отунбаева: Кытайдан инвестициялык климат жагымдуу


Улуу Жибек Жолун мурдагы калыбына келтирүүдө негизги факторлордун бири -Кыргызстан жана Кытайдын ортосундагы чечилбеген саясий маселелердин жоктугуна байланышкан. Бул тууралуу Кытайда жүргөн кыргыз президенти Роза Отунбаев билдирди. Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, ал Үрүмчү шаарында ЭКСПО “Кытай – Евразия” эл аралык жармаңкесинин жана “Кытай – Евразия” экономикалык форумунун ачылышына катышты.

Өз сөзүндө президент “Кыргызстанда жагымдуу инвестициялык климат жана укуктук база түзүлгөн, ал эми өкмөт тарабынан жеке ишкерлердин ийгиликтүү өнүгүүсүнө жана инвестицияларды алып келүүдө тоскоолдуктарды жоюу аракеттери жасалып жатат”,- деп белгилеген.

Бул - Роза Отунбаеванын президент катары Кытайга алгачкы сапары. Бул жумушчу сапардын алдында Кыргызстандын кеминде үч районунда алтын кендердин кытайлык компаниялардын иштетүүсүнө каршы жергиликтүү тургундардын нааразылык акциялары өткөн эле. Чоң Алай менен Ала –Букада жергиликтүү тургундар жолдорду буушса, Нарындын Эмгекчил айылынын тургундары кытайлык үч жумушчуга кол тийгизишкен. Бул окуянын артынан Кытайдын Бишкектеги элчиси Ван Кайвэнь инвесторлордун укугу корголбай жатканын айтып чыккан. (UE)

XS
SM
MD
LG