Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Карамай аткезчилиги ачыкталууда


Кыргызстанда карамайды Тажикстанга жең ичинен сатуу учурлары ачыкка чыгууда.

Июнь айынан бери күйүүчү май аткезчилиги боюнча 10 кылмыш иши козголуп, ондон ашуун киши кармалганын Ички иштер министрлиги жар салды. Кечээ, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин сессиясында "Ата-Журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев Кыргызстандан Тажикстанга күйүүчү майды контрабандалык жол менен ташуу уланып жатканын айтып, муну токтото албай жатканы үчүн бийликти айыптаган. Ал ортодо Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси Калыбек Сатыбалдиев күйүүчү май аткезчилиги боюнча жыл башынан бери 10 кылмыш иши козголуп, ондон ашуун киши кармалганын кабарлады.


Сол чөнтөккө солонгон 2 млн. сом


Кармалгандардын ичинде каржы полициясынын кызматкери Улан Бабаев жана Бишкектеги Ленин райондук салык кызматынын кызматкерлери Нурадил Токтосунов Казакстандан аткезчилик жол менен алынып келинген карамайды мыйзамдаштырууга көмөктөшүп жүргөн деп шектелүүдө. Натыйжада 2 млн. сом салык жашырылып, төлөнбөй калган. Сатыбалдиевдин айтуусунда, он чакты фирма күйүүчү майды Казакстандан аз-аздан алып келип чогултуп, аягында ири цистерналарга жүктөп, Баткен аркылуу Тажикстанга өткөрүп жүрүшкөн.

Маалыматка ылайык, кармалган он фирманын төртөө “Данур-Юг” ишканасына тиешелүү болуп чыккан. Ал эми бул фирманын негиздөөчүсү Жогорку Кеңештин "Ата-Журт" фракциясынан депутат Азамат Арапбаев экени аныкталган. Белгилей кетсек, аталган башкармалык тарабынан июнь айынан бери Тажикстанга Баткен аркылуу күйүүчү майды мыйзамсыз ташуу иликтенип жаткан.

- Көп фирмалар контрабанда жолу менен биздин республикадан Тажикстанга күйүүчү майды алып өтүп атат. Бүгүнкү күндө кармалгандардын экөө жана машиналардын бардыгы камакта. Ошондой эле 500 миң литрге чейин күйүүчү май алынды. Аны базар баасында санап көрсөк 14 млн. сом экен. Азыр тергөө жүрүп жатат. Тергөө учурунда тиешеси бар деп ОсОО “Данур-Юг” фирмасы пайда болду. Аны териштирип карасак негиздөөчүсү депутат Азамат Арапбаев экен. Ал эми Сосновкада мониторинг жүргүзгөнүбүздө күнүнө 50 машина түштүккө кетип атты. Бул эми коррупциялык схема, бирөө жолдо жүктөрдү карайт, бирөөсү документ жасайт.

Маалыматка ылайык, козголгон кылмыш иштин негизинде Бишкек шаардык Биринчи май райондук соттун санкциясы менен “Данур-Юг” фирмасынын Ош шаарында жайгашкан кеңсесин тинтүү үчүн атайын топ барат. Ошол кезде Арапбаев тергөөчүнү сабап салып, жабырлануучу депутаттын үстүнөн арыз жазыптыр. Бул тууралуу Сатыбалдиев тергөөчүнүн айткандарына таянып билдирди. Учурда бул ишти Ош облустук прокуратурасы териштирүүдө.


Жалган жалаабы?


Анктен менен ушул тапта Кытайда иш сапарда жүргөн депутат Азамат Арапбаев муну жалган жалаа, шайлоо алындагы атайын жасалган иш деп айтып атат.

- Компания меники, анын меники болгону чын. Бирок анын контрабандага аралашканы, бирөөнү уруп койгон, тергөөчүнү сабаган дегендин бардыгы жалган. Бул атайын жасалган иш. Шайлоо алдында кайсы бир талапкерге тоскоол болуп жатсам керек. Ошон үчүн менин атымды булгап жатышат.

Ал ортодо Тажикстанга мыйзмасыз май ташыгандардын үстүндө жогорку даражалуу чиновниктер турат деген сөздөр күч алууда. Ал эми “Ар-Намыс” фракциясынан депутат Камила Талиева күнүнө 800 тонна май Тажикстанга сатыларын, 40 тонна май батырган “Хова” үлгүсүндөгү унаалар тынбай каршы-терши жүрүп жатканын “Азаттыкка” билдирди. Талиева июнь айында карамайдын мыйзамсыз ташылышын бир ай иликтеген.

- Лейлектен Тажикстанга жакын чек араларынан өтүп атпайбы. Ошол жерде Бишкектен барган бензиндин катталган дарегин текшерткенибизде ал жерде таптакыр эле башка нерселер чыгып калган. Аны ЖКда да айткам. Акырында келип Бабановдун жээнинин фирмасы болуп чыгып атат. “Нефтесинтез” деген фирма. Ошондо “Республика” фракциясы бүт каршы чыгып, акырында мен жарым түнгө чейин Бабанов мага чалып айтып атты, эгер тиешеси жок болсо чалбайт эле да - деп айттым. Адамдан айла качып кутулбайт экен, мен айтар замат акимди кысымга алып, документтердин бардыгын кайра жасашты. Бул жерде жөнөкөй бир ишкер эч нерсе жасай албайт. Лейлек, Баткенде бүт эле Бабанов деп отурушат. Өкмөттүн контрабандага каршы күрөшүү комиссиясы түзүлүп алып, анын башында корбашы өзү отурат.

Анткен менен өкмөттүн маалымат кызматы биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун карамай ташыган фирмасы жок деп белгилөөдө.

- Бензин саткан фирма жок Бабановдун атына жазылган, - деди өкмөттүн маалымат катчысы Кадыр Токтогулов.

Буга чейин кыргыз өкмөтү күйүүчү май аткезчилигине бөгөт коюу үчүн чек ара жана бажы кызматы өңдүү мекемелерге катуу тапшырма берген болчу. Аткезчилик токтобосо, жетекчилер жоопко тартылаары да эскертилген.

Талиеванын айтымында, карамайдын мыйзамсыз ташылышын депутаттык комиссия иликтеши мүмкүн.

Кыргызстанга да, Тажикстанга да мунай азыктары Орусиядан келет. Бирок орус тарап Кыргызстанга кошумча төлөм салбайт, Тажиктер болсо салык төлөгөндүктөн, ал жакта баа кыйла кымбат. Учурда Тажикстанда күйүүчү майдын бир литринин баасы 80 сом экени айтылууда.

XS
SM
MD
LG