Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:46

Ысык-Көлдө бюджеттин ачыктыгы талкууланууда


Каржы министрлиги Ысык-Көлдө “Жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн бюджеттин ачыктыгы” деген темада семинар өткөрүүдө. Ага бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер катышып, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү ачык талкууга алынууда. Семинардан “Азаттыктын” кабарчысы билдиргендей, иш-чарада Кыргыз Республикасынын 2012-2014-жылдарга мамлекеттик бюджеттинин долбоору да коомдук талкууга коюлууда. Бул семинар эртең жыйынтыкталмакчы.

Маалыматка ылайык, быйылкы жылдагы жалпы бюджет 77 млрд 278 миллион сомду түзөт. 2012-2014-жылдар үчүн бюджеттин долбоору 20-сентябрдан кийин парламенттин кароосуна жөнөтүлмөкчү. 1-сентябрда парламенттин Бюджет жана каржы комитетинин төрагасы, депутат Акылбек Жапаров Каржы министрлиги алигиче бюджеттин жаңы долбоорун сунуштабаганын сынга алган. (KKs)

XS
SM
MD
LG