Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

Британияда М16нын ишмердүүлүгү текшерилет


Британ өкмөтү өлкөнүн коопсуздук кызматы М16нын террорчулук кылды деп шектелген адамдарды Каддафинин режимине өткөрүп берүүсүн иликтейт. М16 менен АКШнын Борбордук Чалгындоо кызматынын Каддафинин өкмөтү менен тыкыс кызматташуусу жөнүндө маалымат булактары тийиштүү материалдар Триполиде табылгандан кийин кеңири жазышкан. Анын арасында
Британия жана АКШнын чалгындоо кызматтарынын ливиялык козголоңчулардын жетекчилеринин бири Абделхаким Булхажды кармап кыйноого катышканын ырастаган документ бар. Белхаж болсо АКШ жана Британиянын кечирим суроосун талап кылууда. Британияда иликтөөнү былтыр түзүлгөн “Гибсондун комиссиясы” жүргүзөт. Комиссия 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдардан кийин чет өлкөлөрдө кармалган террорчуларды кыйноого М16нын катышуусун иликтөө үчүн түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG