Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

КТРдин экс-жетекчиси апрель окуясы боюнча суралды


Бүгүн апрель окуялары боюнча сот процессинде Улуттук телерадио корпорациясынын мурунку жетекчиси Кайыргүл Орозбай кызы күбө катары суралды. Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиевдин билдиришинче, Орозбай кызы былтыр 7-апрелде КТРди күндүзгү саат үчтөр чамасында митингге чыккандар ээлеп алышканын, ошол эле маалда экс-президенттин катчылыгынын жетекчи орун басары Максим Каганер чалып президенттин өлкөдө өзгөчө абал жарыялаганы тууралуу буйругун жарыялоо үчүн эфир беришин талап кылган, деп маалымдады. КТРге кирип келгендер эфир сурабай эле, касса издеп жүрүшкөнүн белгиледи.

Апрель окуясы боюнча кийинки сот процесси 12-сентябрда болот жана жабырлануучуларды, күбөлөрдү суроо уланат. Сот 18-мартта жанданган. (EBM)

XS
SM
MD
LG