Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:42

7-апрель окуясы боюнча сотто Иса Өмүркулов көрсөтмө берет


Бишкек шаарынын мэри, Социал-демократиялык партиянын катарында мурдагы бийликтин саясатына каршы пикирин билдирип жүргөн Иса Өмүркулов бүгүн 7-апрель окуясы боюнча соттук териштирүүдө күбө катары көрсөтмө берет. Бул тууралуу "Азаттыкка" жабырлануучулардын адвокаты Осунбек Жамансариев маалымдады. Анын айтуусунда, бүгүн сотто күбө катары укук коргоочу Токтайым Үмөталиева да көрсөтмө берүүсү күтүлүүдө. Токтайым Үмөталиева 2010-жылы 7-апрелинде Өкмөт үйүнүн алдына чогулган элдин алдында болгон.

7-апрель окуясы боюнча 28 кишиге тынч митингге чыккан элди аткан, атууга буйрук берген деген айып тагылууда. Өткөн апталарда күбө катары көрсөтмө берген күч кызматкерлери ал күнү митингге чыккан элдин колунда курал болгонун айтышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG