Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:47

Иран Бушер АЭСин ишке киргизди


Өлкөнүн түштүгүндөгү бул АЭС улуттук электр түйүнгө ушул айдын башында кошулган. Иран анын курулушун Орусиянын жардамы менен аягына чыгарды жана бүгүнкү салтанатка Москвадан да расмий өкүлдөр катышты. 1000 мегаватт электр энергиясын өндүрө алуучу АЭС азыр 40% кубаттуулугунда иштөөдө. Ирандын вице-президенти Ферейдун Аббасинин мамлекеттик сыналгыга билдиргенине караганда, АЭС толук кубаттуулукта дагы кошумча сыноолор өткөрүлгөндөн кийин, декабрь айынан тарта иштей баштайт.

Бул аралыкта Венадан МАГАТЭнин башчысы Юкия Амано Ирандын өзөктүк программасынын өнүгүшүнө байланыштуу камтамачылык билдирди. Анын айтымында, Тегеран агенттик менен жетиштүү деңгээлде кызматташпай жатат. Батыш өлкөлөрү Ирандын жарандык өзөктүк программасы Тегеранга өзөктүк курал жасоого жардам берет деп кооптонушат.

XS
SM
MD
LG