Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:21

Караколдо жолдо жүрүү кооптуу


"Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысынын маалымдашынча, Каракол шаарындагы жол белгилеринин жоктугунан айдоочулар да, жүргүнчүлөр да түйшүк тартууда. Шаарга жолдо жүрүү эрежелери боюнча 480 белги керек болсо, анын жарымынан көбү жок. 13 светофордун төртөө гана иштейт. 14 мектеп бар, алардын жанында жөө жүргүнчүлөр өтө турган жол белгилери да жетишсиз, дейт Жол коопсуздугу башкармалыгынын кызматкери Курсант Токбаев. Жыл башынан бери Караколдо 41 жол кырсыгы катталып, 1 адам каза тапкан. Былтыркы жылы болсо 29 жол кырсыгында каза тапкандардын саны 9 адамга жеткен. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG