Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:40

Келерки жылдан тарта кумарканаларды жабуу сунушталууда


2012-жылдын 1-июлунан тарта Кыргызстанда кумаркана жана оюн автоматтарын жабуу тууралуу мыйзам долбоорун бүгүн Жогорку Кеңештин фискалдык жана акча-кредит саясат комитети жактырды. Кечээ бул долбоор дагы эки комитет тарабынан кабыл алынган болчу.

Мыйзамдын автору депутат Бактыбек Жетигеновдун "Азаттыкка" маалымдашынча, келерки аптанын бейшембисинде бул долбоор парламенттин жалпы жыйынына алынып чыгышы мүмкүн.

Президент Роза Отунбаева 19-сентябрда кумарканаларды таптакыр жабуу мүмкүн эместигин айткан. Мамлекет башчысынын айтымында, анда бул бизнес жоголуп кетпей эле легалдуу эмес түргө өтүп алат. Ошондуктан кумар жайларынын ишин чектеп, цивилизациялуу эрежелерди орнотуу зарыл.

Уруксат алып иштеп жаткан кумарканалар 76 болгону менен, чынында алардын саны 2 миңден ашат. (RK)

XS
SM
MD
LG