Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:37

Кыргызстандагы аялдар маселеси Нью-Йоркто талкууланды


20-сентябрда президент Роза Отунбаева БУУнун Башкы катчысынын гендердик теңчилик маселелери боюнча орун басары, “БУУ-Аялдар” түзүмүнүн аткаруучу директору Мишел Бачелет менен жолугушту.

Президенттин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, Роза Отунбаева жана Чилинин мурдагы президенти Мишель Бачелет алдыңкы технология чөйрөсүндө жана демократиялык принциптерди илгерилетүүдө аялдардын ролун жогорулатуу маселелерин талкуулашты.

Роза Отунбаева аялдардын көз карандысыздыгын арттыруу боюнча негизги элементтердин бири – экономикалык базаны камсыз кылуу экенин айтты. Ушул багытта мамлекет башчысы өзү да микрокаржылоо тутумун өнүктүрүүгө бардык аракеттерди жумшап, колдоо көрсөтүп келаткандыгын белгилеп, бул айрыкча айыл жергесинде жашаган аялдарга акча табууга, үй-бүлөсүн багууга мүмкүнчүлүктөрдү бере тургандыгын белгиледи. Нью-Йоркко кыргыз президенти БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясына катышуу үчүн 18-сентябрда барган. (RK)

XS
SM
MD
LG