Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:37

Текебаев: Былтыркыдай ката кетирбешибиз керек


Өткөн жылкы парламенттик шайлоодо прогрессивдүү күчтөр бириге албай койгон, быйыл андайга жол берилбеши керек. Бул тууралуу "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин бүгүнкү билдирүүсүндө айтылат. Анын пикиринде, бир күч болуп чыга албагандыктан, былтыр демократиялык өзгөрүүлөргө умтулган добуштар майдаланып жок болгон. Ошол себептен Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоого катышпай турганын расмий билдирди.

Өз тарапкерлерин "Ата Мекендин" жетекчиси Кыргызстандын Конституциясындагы демократиялык баалуулуктарды колдогон, башталган реформаларды мындан ары улантып кетүүчү күчтөрдү колдоого үндөдү.

"Азаттыкка" БШКдан маалымдашкандай, Текебаевдин шайлоого катышуудан баш тарткан арызы 22-сентябрда түшкөн. (RK)

XS
SM
MD
LG