Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

Европа өлкөлөрү Сирия боюнча жаңы резолюция даярдашты


БУУнун Коопсуздук кеңешинин жаңы резолюциясынын долбоорунан Сирияга каршы тезинен санкция киргизүү жөнүндөгү чакырык аны Орусия менен Кытай колдошу үчүн алынды. Кабарларга караганда, Британия, Франция, Германия, Португалия даярдаган жана АКШ колдогон долбоордо, эгер президент Башар Ассадын режими жарандарга каршы аскерий операцияларын токтотпосо, санкция киргизилери айтылат. Жаңы резолюция БУУнун Коопсуздук кеңешинин отурумунда бүгүн талкууланары күтүлүүдө.

Жаңы долбоор БУУнун Коопсуздук кеңешинин чечимдерине вето салуу укугуна ээ Орусия менен Кытай жана Бразилия, Индия, Түштүк Африка сындуу өлкөлөр Европа менен АКШнын Сириядагы режимге каршы санкция киргизүү боюнча буга чейинки аракеттерине каршы чыккандан кийин даярдалды.

Бириккен Улуттар уюмунун эсебинде, президент Башар Ассаддын режимине каршы быйыл мартта нааразылык акциялары тутангандан бери Сирияда 2700дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды. Алардын басымдуу бөлүгү жөн-жай тургундар.

XS
SM
MD
LG