Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

Ооганстан боюнча министрлер жыйыны өттү


22-сентябрда Нью-Йоркто БУУдагы Германия Федеративдүү Республикасынын имаратында “Жаңы Жибек жолу” долбоору боюнча министрлер жыйыны өттү. Жыйынга 27 өлкөнүн дипломаттары катышып, ага Ооганстандын тышкы иштер министри Залмай Расул, АКШ мамкатчысы Хилари Клинтон жана Германиянын тышкы иштер министри Гидо Вестервелле төрагалык кылышты.

“Жаңы Жибек жолу” долбоору Борбор жана Түштүк Азия өлкөлөрүндөгү жана Ооганстандагы абалды жакшыртууга кызыкдар мамлекеттердин биргелешип аракеттенүүсүн карайт.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Д.Кемелова жыйында Кыргызстандын Ооганстандагы абалды жөнгө салууга кошкон салымына токтолуп, “Манас” транзиттик борбору, Бишкектеги ЕККУ Академиясындагы ооган жарандарынын билим алышы, ооган бажы кызматкерлеринин Кыргызстандын Бажы кызматында тажрыйбасын арттырып жаткандыгы тууралуу учкай маалымат берди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы маалымдады. (ЕК)

XS
SM
MD
LG