Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:03

Сот реформасы боюнча комиссия түзүлөт


28-сентябрда президент Роза Отунбаева Жогорку Кеңештин депутаттары, Соттор Кеңешинин, Судьяларды тандоо боюнча кеңештин жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда сот тутумун реформалоо маселеси боюнча комиссия түзүүнү сунуштады. Ал мыйзамдарда орун алган карама-каршылыктарга байланыштуу сот тутумун реформалоо иши бир аз токтоп калгандыгын айтты. Президент бул реформага жарандык коом тарабынан бир катар сын-пикирлер айтылып жаткандыгын да кошумчалады. Комиссиянын курамына депутаттар жана жарандык коомдун, өкмөттүн өкүлдөрү кирмей болду. Өлкөдө таза жана акыйкат сот системасын түзүү боюнча аракеттер жасалып келатат, бирок алгылыктуу натыйжа боло элек.(RK)

XS
SM
MD
LG