Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:57

Кыргыз-казак чек арасында жаңы өткөрүү бекети ачылат


Кант шаарынын жанындагы кыргыз-казак чек арасында жаңы өткөрүү бекети курулат. Бул тууралуу бүгүн журналисттерге Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов билдирди. Анын айтымында, “Кордой” бекети аркылуу 5-7 миң жарандын өтүүсү эсептелген. Бирок бүгүнкү күнү бул бекет аркылуу өткөндөрдүн саны 40 миңге жетүүдө.

“Кант шаарынын жанында ачылчу жаңы өткөрүү бекети аркылуу жарандар коммерциялык максатта жүк алып өтсө болот. “Ак жол” аркылуу жарандар жеке иштери менен гана өткөндөй болот. Бул чек арадан өтүүгө байланыштуу маселелерди чечет”, - деди Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов. (ЕК)

XS
SM
MD
LG