Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:09

Иракта полисмендерди барымтага алгандар өлтүрүлдү


Коопсуздук кызматтары билдиришкендей, Ирактын түндүгүндөгү Анбар вилоятында мэрия менен полиция жайгашкан имаратка чабуул койгон "алты же жети киши өлтүрүлдү". Окуя бүгүн Ал-Багдади шаарында болду. Барымтага канча адам алынганы жана арасында өлгөндөр бар-жоктугу азырынча айтыла элек. Андан мурдараак ал жерде эки жардыруу болгон, бир нече киши барымтага алынган болчу.

Көбүнчө суннилер отурукташкан Анбар провинциясы 2003-жылы америкалык аскерлер өлкөгө киришкенден бери каршылык көрсөткөн күчтөрдүн маанилүү жери катары эсептелинип келген болчу. Бирок 2006-жылы жергиликтүү уруу башчылары америкалыктар тарапка ооп кетишкенден кийин бул аймакта зомбулук да бир топ азайган эле.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG