Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:15

Бишкекте Лейлек килемдеринин көргөзмөсү ачылды


Бишкектеги Улуттук тарых музейинде Курманжан датканын 200 жылдыгына карата Баткен облусунун Лейлек районунан келген уздардын колунан чыккан килемдер көргөзмөгө коюлду. Жалпы жонунан алтымышка чукул көлөмдүү килем, кичине килемчелер, отургучка төшөөчү буюмдар бар.

Лейлектин Кулунду айылындагы “Зейнеп” кооперативинин жетекчиси Бүзейнеп Ташбекованын “Азаттыкка” маалымдашынча, кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө өкмөт, Маданият министрлиги, жергиликтүү бийлик тарабынан каржылык жардам болбогону менен эл аралык уюумдар - ПРООНдун, АБРдин долбоорлорунун колдоосунда айылдагы уздар иш менен камсыз болушкан.

Бүзейнеп Ташбекова белгилегендей, бир килемди жасоо үчүн 4 аял 15-20 күн талбай иштеп, ага короткoн эмгек айрым учурда акталбай, килемдин наркынан ашпай калат. Маалыматтарга караганда, Баткен, Лейлектин килемдери АКШ, Европа, Түркияга жеткен. (AJ/RK)

XS
SM
MD
LG