Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:17

Мырзакматов: Өзбек мектептерин кыргызчалоо - элдин демилгеси


Бүгүн Ош шаарынын күнү белгиленүүдө. Буга карата шаар мэри Мелис Мырзакматовду сөзгө тарттык.

Маекти толугу менен ушул жерден угуңуз




- Мелис мырза, шаар күнүнө байланыштуу иш-чаралар кечээ эле башталган экен. Бүгүн кандай иш-чаралар өтөөрүн кыскача айтып берсеңиз.

- Ош шаарынын күнү үч күндөн бери майрамдалып жатат. Майрамга шаардын эли активдүү катышып, шаардык бийликтин жүргүзгөн саясатын колдоп, активдүү катышып жатат. Элдин маанайы көтөрүңкү. Бардык коопсуздук чаралары көрүлгөн. Ар кандай программада, ар кандай багытта шаардын бардык булуң-бурчтарында майрам белгиленип жатат.

Бүгүн да майрам улантылмакчы. Шаардын майрамынын ушунчалык масштабдуу болгонун себеби, Курманжан Датка энебиздин 200 жылдык мааракеси да дал келип олтурат. Андан тышкары республикалык 6-спартакиада Ош шаарында өтүп жатат. Шаардын спортчулары спорттун 12 түрү боюнча ат салышып жатышат. Ошондуктан шаар күнү быйыл жылдагыдан өзгөчө, абдан масштабдуу белгиленип жатат.

- Шаардын күнүнө карата өткөрүлгөн бул иш-чаралар былтыркы окуялардан кийин улуттардын элдешүүсүнө канчалык салым кошот?

- Өзүңүздөр билесиз, былтыркы жылдагы Оштогу кандуу окуялардан кийин шаардыктарга эч кандай майрамдаганга, оюн-күлкү, тамашаларды өткөргөнгө шарт болгон эмес. Быйылкы 2011-жылды шаар бийлиги “Улуттар аралык мамилени, достукту чыңдоо жылы” деп белгилегенбиз. Анын алкагында көптөгөн иш-чаралар өтүп жатат. Алардын бири ушул шаар күнү. Биз былтыркы кандуу окуядан кийин биринчи жолу шаардын коомун улутуна карабастан, дин ишенимине карабастан бириктире алдык. Натыйжа жакшы деп белгилеп кетээр элем.

- Алдыдагы шайлоо боюнча да суроо бере кетейин. Сиз буга чейин президенттик шайлоонун жыйынтыгында Кыргызстан түндүк-түштүк ажырымына кептелиши мүмкүн деп кооптонгонуңуз бар. Ушундай эле кооптонуулар жакында Коргоо кеңешинде да айтылды. Кайсы негиздерге таянып мындай ойго келдиңиз?

- Эми билесизби, негиз көп. Маселен массалык маалымат каражаттарындагы берилип жаткан маалыматтар, борбордук гезиттер жазып жаткан макалалар, анан айрым саясатчылар, президенттикке талапкерлердин ачык эле үгүт-насаат ишин жүргүзүшү, кайсы бир региондон чыккан талапкер жеңсе, биз Ак үйгө киргизбей коёбуз деген саясатчылар идеологиялык багыттагы жүргүзгөн иш-чаралар кандайдыр бир деңгээлде кооптонууну туудурат. Андан тышкары административдик ресурстун ченемсиз колдонулуп кетиши мүмкүн болгон жагдайлар да кооптонууну туудурат деп мен белгилейм.

-Шайлоо демекчи, адистер Ош шаарындагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы сиздин позицияңызга, тандооңузга жараша болот деп айтып жүрүшөт. Бул канчалык чындыкка жакын?

- Ош шаарында эч качан административдик ресурс колдонулбайт. Шаардыктардын тандоосуна жараша болот. Ага биздин эч кандай кийлигишүүбүз болбойт. Ошондуктан тек гана шайлоонун калыс таза өтүшүнө биз, шаар бийлиги шарт түзүп беребиз.

- Соңку мезгилде бир катар демилгелерди көтөрдүңүз. Маселен, өзбек мектептерин кыргыз тилинде окутуу боюнча. Дагы бир жолу түшүндүрүп кетсеңиз, мындай демилгени көтөрүүгө эмне зарылчылык болуп жатат?

- Мындай идея, мындай демилге шаардыктардын тээ терең катмарынан суурулуп чыгып жатат. Тили бирдин дили бир дейт. Ошондуктан биз мындан ары кыргыз-өзбек деп бөлүнбөй, мектептерди тек гана мектеп деп, өзбекче окуган мектептердин бардыгын кыргыз тилине өткөрүп, кириллица менен латын арибин бирдей коюп дегендей... Бул жеке менин талабым, идеям эмес, бул былтыркы кандуу окуядан кийинки шаардыктардын көтөрүп чыккан маселеси катары Ош шаардык мэриясы тарабынан колдоого ээ болуп жатат.

- Деген менен айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү мындай демилгени көтөрүү эрте, бул шаардагы абалга терс таасирин тийгизет деп жатышат. Буга карата кандай пириңиз бар?

- Мен ушундай демилге көтөрүүнүн так мезгили келип жетти деп эсептейм. Андай бейөкмөт уюмдар, кээ бир саясатчылар Оштогу кырдаалды түпкүрүнөн, тереңинен билбейт. Элдин каалоо-талабын билбейт. Бул жерде болуп өткөн окуялардын себептерин билбейт. Ошондуктан ушундай пикирге келип жатат. Ал эми шаардын коомчулугу ушул идеяны түп көтөрө колдоп жатат. Демек, шаардыктар, калк өзү улутуна карабастан, динине карабастан, жынысына карабастан көтөрүп жаткан маселени элдик бийлик колдоп бериши керек деп ойлойм.

-Рахмат, Ош шаарынын күнү дагы бир жолу кут болсун!

XS
SM
MD
LG