Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:48

Европада Кыргызстанда өндүрүлгөн азык-түлүктөр көргөзмөсү өттү


Бул тууралуу "Азаттыкка" бүгүн, 6-октябрда Европада жайгашкан “Lekton Doo” компаниясынын Бишкектеги өкүлү кабарлады. Маалыматка караганда, аталган компания өткөн жумада Словениянын борборунда жана Италиянын Триест шаарында Кыргызстандын азык-түлүк продукциясынын көргөзмөсүн уюштурган. Ага ар кайсы мамлекеттердеги азык-түлүктөрдү өндүрүү боюнча жыйырмадан ашуун белгилүү компаниялар катышып, Кыргызстандын экологиялык жактан таза азык-түлүктөрү сатып алуучулар менен инвесторлордун кызыгуусун жараткан. “Экопродукт” деген аталыштагы бул көргөзмөгө Кыргызстандан тоо балы, төө бурчак, грек жаңгагы жана башка дарылыгы бар чөптөр коюлган. Андан тышкары көргөзмөдө Кыргызстандын табиятынын кооздугун жана өзгөчөлүгүн чагылдырган, туризмди өнүктүрүүгө багытталган кыска тасма да көрсөтүлгөн.

Учурда аталган европалык компанияны Кыргызстандын жараны Данил Ибраев жетектейт. Компания бүгүнкү күндө Европада күндөн энергия алуучу жабдуулар, азык-түлүктөрдү кайра иштетүү, курулуш тармагы жана туризмди өнүктүрүү боюнча иш алып барат.

XS
SM
MD
LG