Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:54

Швед акыны Томас Транстремерге Нобел сыйлыгы ыйгарылды


Адабият боюнча Нобел сыйлыгы швед акыны Томас Транстремерге ыйгарылды. Нобелдик комитеттин билдиришинче, Транстремердин образдуу жазылган ырлары жашоого жаңы көз менен карайт.

80 жаштагы Томас Транстремер 12 китептин автору жана Швеция, Германия дагы башка өлкөлөрдүн кадыр барктуу сыйлыктарына татыган. Анын ырлары 60ка жакын тилге, анын ичинде арабчага да которулган.

Биринчи ырлар жыйнагы мындан жарым кылым мурда чыккан. Акындын “Азадагы гондола” деген жыйнагы Швецияда 30 миң нускада чыгып, тез сатылып кеткен. Акынга 10 млн. швед крону же 1 млн. 450 миң доллар өлчөмүндөгү акчалай сыйлык 10-декабрда ыйгарылат.

XS
SM
MD
LG