Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

Израилде арап жана жөөт коомчулугу ортосунда чыңалуу курчуду


Израилдеги бул абал Яффо шаарындагы көрүстөндө, “орустарга өлүм” жана “араптарга өлүм “ деген жазуулар пайда болгондон кийин курчуду. Мындай жазуулар аралаш калк жашаган бул шаарда ири чыңалууну пайда кылып, араптардын көпчүлүк катышкан демонтрациясынын арасынан кимдир бирөөлөр жөөттөрдүн сыйынуучу жайына (синагог) күйүүчү аралашма толтурулган бөтөлкөлөрдү ыргытканын "Азаттыктын" кабарчысы Эла Котлер маалымдады.

Жекшембиде Тель-Авивдин мэри Яффодогу арап жана христиан коомчулугунун лидерлери менен жолугуп, бул окуялардын артында ким турганы аныкталбаса да өзү кечирим сурады.

Жергиликтүү полиция бул зомбулукка багытталган жазуулардын пайда болушу араб жана жөөт коомчулуктары ортосундагы чыңалууну күчөтүү үчүн иш-чаралардын бир бөлүгү болушу мүмкүн деп болжолдоодо.

Өлкөнүн президенти жана премьер-министри бул коомдук баалуулуктарга атайлап зыян келтирүүнү сындап, күнөлүүлөрдү өтө чукул арада табууну полицияга табыштаган билдирүү менен чыгышты.

XS
SM
MD
LG