Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:00

БШК: Каралоо боюнча эки арыз түштү


Шайлоого катышып жаткан талапкерлерди каралоо фактысы боюнча БШКга эки арыз келип түшкөн. Бул тууралуу "Азаттыкка" БШК мүчөсү Жеңиш Акматов билдирди. Анын айтымында, Алмазбек Атамбаевдин өкүлдөрүнөн келип түшкөн арыздын негизинде "Саясат пресс" гезитине эскертүү берилди. Адахан Мадумаровдун үгүт баннерлеринин өрттөлгөн, боек чачылганы боюнча фактыны териштирүү үчүн тиешелүү кат күч органдарына жиберилди. Президенттик шайлоо 30-октябрда болот. Талапкерлердин саны 23 адам. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG