Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:33

Шайлоочуларды мажбурлап жатышабы?


Шайлоочуларды мужбурлоо өзгөчө жаңы конуштарда байкалып жатканы айтылды.
Шайлоочуларды мужбурлоо өзгөчө жаңы конуштарда байкалып жатканы айтылды.

11-октябрда Кыргызстандагы “Таза шайлоо” ассоциациясы жер-жерлерде шайлоочуларды мажбурлап, тизмеге киргизүү аракети жүрүп жатканын жарыя кылды.

Ал арада президенттик жарыштан дагы бир талапкердин баш тартканы кабарланууда. 30-октябрга белгиленген президенттик шайлоодо коомдук тартипти 6,5 миңдей милиция кызматкери камсыз кыла турган болду.

“Таза шайлоо” жарандарды тактыкка чакырат

“Таза шайлоо” ассоциациясы Кыргызстандагы айрым мамлекеттик мекемелерде жана окуу жайларда жарандарды мажбурлоо жолу менен тизмеге киргизүү аракети жүрүп жатканын билдирүүдө.

Аталган ассоциациянын мүчөсү Назгүл Оскеленованын айтымында, бул көрүнүш көбүнесе жаңы конуштарда байкалып, айрым талапкерлер да мындай аракеттерге кызыкдар болуп жатышат:

Жаңы конуштун тургуну.
Жаңы конуштун тургуну.
- Университеттерде массалык түрдө студенттерди бир участокко алып барып, аларды тизмеге түшүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Андан тышкары Бишкектин четиндеги жаңы конуштарда айрым талапкерлер автобус менен алардын бардыгын жыйнап алып, тизмеге киргизүү көрүнүшү байкалып жатат.

Мындан улам “Таза шайлоо” ассоциациясы шайлоочуларды эч кимдин жетегине алдырбай, шайлоого он күн калганга чейин паспорту менен жакынкы бекеттерден катталууга чакырууда.

Дагы бир талапкер жарыштан чыгабы?

Президенттик шайлоого үгүт иштери кызуу жүрүп жатканда, талапкер Акылбек Жапаров өз ыктыяры менен шайлоого катышуудан баш тартканы кабарланууда. Бул тууралуу Жапаров бүгүн интернеттеги “Твиттер” социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазып, мындай чечим шайлоо өнөктүгүндөгү ар кыл жаңжалдарды алдын алуу үчүн кабыл алынганын билдирди.

Акылбек Жапаров "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" берүүсүндө
Акылбек Жапаров "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" берүүсүндө
Боршайком мүчөсү Гүлнара Батырова азырынча талапкерден расмий арыз түшпөгөнүн ачыктады:

- Бизге маалымат келе элек. Жапаровдон да, Түлеевден да расмий арыз түшө элек. Арыз түшкөндө гана БШК чечим кабыл алат.

Шайлоо алдында өлкөдөгү кырдаал толук көзөмөлдө экенин бүгүн ички иштер министринин орун басары Кашкар Жунушалиевдин маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, президенттик шайлоодо 6,5 миң милиция кызматкери коомдук тартипти камсыз кылып, аларга 14 миңден ашуун элдик кошуун өкүлү көмөктөшмөкчү:

- Шайлоо бюллетендери даяр болгондон баштап биз аларды кайтарышыбыз керек. Алар шайлоо участкаларына жеткирилгенден баштап аларды кайтара баштайбыз. Ошондуктан 25-октябрдан тарта ИИМдин өздүк курамы күчөтүлгөн тартипке өтөт. Ал эми шайлоо күнү катуу күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөлөт.

Үмөталиева кайрадан Жогорку Сотко кайрылат

Боршайком менен президенттик жарыштан четтетилгендердин талашы чечилбей жатат. Кечээ Бишкектеги Биринчи май райондук соту жарыштан четтеген Калыбек Арабаев менен Токтайым Үмөталиеванын арызы карап, алардын өтүнүчүн четке каккан.

Бүгүн Үмөталиева БШКнын аларды каттоодон баш тарткан өтүнүчүн жок чыгаруу максатында Жогорку Сотко кайрыларын жарыя кылды:
Бишкектин четиндеги жаңы конуштарда айрым талапкерлер автобус менен алардын бардыгын жыйнап алып, тизмеге киргизүү көрүнүшү байкалып жатат.
Назгүл Оскеленова

- Дагы деле Жогорку Сотко берем. Муну текшерттирем. Жогорку Соттун чечимине жараша кийинки кадамдарымды кабыл алам. Чечимди терс чыгарса, Башкы прокуратурага кайрылам.

Президенттикке ат салышкан жыйырмадан ашык талапкер жер-жерлерде үгүт иштерин жүргүзүүдө. Камчыбек Ташиев менен Кубатбек Байболов Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарын кыдырып, шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүдө.

Ал эми Алмазбек Атамбаев бүгүн орус тараптын өтүнүчү менен Орусия президентинин администрация башчысы Сергей Нарышкинге жолукканын орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Кечээ Атамбаев Москвадагы кыргыз мигранттары жана орусия өкмөт башчысы Владимир Путин менен жолугушкан.

XS
SM
MD
LG