Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

АКШ кутумдан улам Иранга кысымды күчөтөт


Кошмо Штаттардагы Сауд Аравиянын элчисине кол салуу боюнча кутумдун бети ачылгандан кийин АКШ өкмөтү Иранга каршы катаал чара көрүлөт деп коркутууда. Элчини өлтүрмөк болду деп айыпталган эки ирандыкка Вашингтондогу Иран жана Израил элчиканасына чабуул койууга даярдык көрдү деген күнөө тагылды. Айыпкерлердин бири АКШ жана Иран жарандыгы бар Масур Арбабсиар сентябрдын аягында кармалып, күнөөсүн мойнуна алган. Ирандын коопсуздук кызматынын агенти деп шектелип жаткан Гулам Шаукри изделүүдө. Бул окуяга байланыштуу АКШ Иранды изоляциялоого умтуларын мамкатчы Хиллари Клинтон кулак какты кылды:

-Биз бул тейдеги эл аралык нормаларды бузууга аракеттерди токтотуу зарыл экенин кантип Иранга жеткирүү жагын дүйнөдөгү досторубуз жана өнөктөштөрүбүз менен масилээттешебиз. Биз ошондой эле Иранга таасир этүү жана эл аралык коомчулуктан көбүрөөк бөлүү үчүн кайсы тармактардагы кызматташууну күчөтүү керектигин карап көрөбүз.

XS
SM
MD
LG