Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:37

БУУ: Сирияда кагылыштардын курмандыктары көбөйүүдө


Сирияда өкмөткө каршы чыгуулар башталгандан бери 3 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды. Бул тууралуу билдирген БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Нави Пилай эл аралык коомчулукту жарандык согуштун тутанышын алдын алуучу чараларды көрүүгө үндөдү. Анын маалыматына ылайык, акыркы 10 күндө эле Сирияда 100дөй кишинин окко учканы кабарланды.

Ал тапта Сирия армиясынан качкан офицерлер менен катардагы жоокерлердин саны көбөйүп жатат деген маалыматтар түшүүдө. Оппозициянын ырастоосунда, Хомс жана Идлиб чөлкөмдөрүндө өкмөттүк күчтөр менен дезертирлер деп болжолдонгон куралчан адамдар ортосундагы кагылышууларда бейшембиден бери 20 чакты киши өлдү.
Дамаск өкмөтү сөз болгон 2 аймакта уруш орун алганын бышыктап, коопсуздук аскерлери менен белгисиз куралчандардын ок атышуусунан 10 кишинин набыт кеткенин билдирди.

XS
SM
MD
LG