Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:25

Түркмөнстан Орусияга нааразылык билдирди


Ырасмий Ашхабад Орусияны Түркмөнстандын Европа Биримдигине газ сатуу планына каршылык көрсөткөн позициясын сындады. Мындай билдирүүнү Түркмөнстандын тышкы иштер министрлиги өкмөттүк Тurkmenistan.ru сайтында бүгүн жасады. Анда Түркмөнстандын Европага газ сатуу ниетине, анын ичинде Транс-Каспий газ куурунун курулушуна каршы орусиялык аткаминерлер айткан пикирлер сындалат. Евробиримдик сентябрдын башында Еврокомиссияны Азербайжан жана Түркмөнстан менен Транс-Каспий куурун курууну тездетүүгө милдеттендирген. Ошондон тарта орусиялык ырасмий адамдар Каспий деңизинин макамын жээктеш беш мамлекет аныктабагандыктан, газ боросуна каршы экенин дембе-дем кайталашууда. Евробиримдиктин айтымында, газ боросу деңиздин Азребайжан менен Түркмөнстанга таандык бөлүгүнө жаткырылгандыктан, ал үчүн деңиз боюндагы беш өлкөнүн тең макулдугунун кереги жок.

XS
SM
MD
LG