Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:48

Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташуу тууралуу сүйлөшүштү


Бүгүн Алматыда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин биринчи жыйыны Алматы декларациясын кабыл алуу менен жыйынтыкталды. Ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия кол коюшту. Кыргызстандын атынан декларацияга президент Роза Отунбаева кол койду. Саммитте сүйлөгөн сөзүндө кыргыз мамлекетинин башчысы “реалдуу турмуштун агымы жана окуялардын өнүгүү динамикасы, замананын сыноолору бүткүл дүйнөдө, анын ичинде түрк тилдүү мамлекеттерде интеграция процесстерин тереңдетүүнү талап кылышат” деп айтты. Экономикалык кызматташтык менен катар эң маанилүү багыттар - уюшкан кылмыштуулукка, террорчулукка, диний экстремизмге, сепаратизмге каршы күрөш экени айтылды. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешин түзүү боюнча келишим 2009-жылдын 3-октябрында кабыл алынган. Кеңештин кийинки отуруму келерки жылы Бишкекте өтмөй болду. (RK)

XS
SM
MD
LG