Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:05

Нарында өрттөлгөн базар кайрадан салына баштайт


Бул тууралуу “Азаттыкка” Нарын шаарындагы “Мукаш-Ата” базарынын директору Сарбагыш Эсеналиев билдирди. Маалыматка ылайык, кайра калыбына келтириле турган базардын чиймеси атайын текшерүүдөн өттү. Нарындагы мамлекеттик архитектура курулуш көзөмөл башкармалыгы менен келишим түзүлгөн соң курулуш иштери келээрки аптадан тарта башталмакчы. Базарды кайра калыбына келтирүү үчүн 10 миллион сом сарпталат.

Буга чейин базардын курулушу кечеңдеп жатканына байланыштуу соодагерлер тынчсыздануусун билдирип чыгып, базар жетекчилиги аларга убактылуу жер бөлүүгө аргасыз болгон.

Ушул жылдын 5-июлунда түнкү 11лер чамасында Нарын шаарындагы “Береке” жана “Мукаш-Ата” базарларын өрт чалган. Чукул кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын билдиришинче, өрттөн эки базар толугу менен күйүп кеткен. Мындан тышкары базардын айланасындагы 10дон ашуун күркөлөр жабыркаган болчу. (ErB/KKs)

XS
SM
MD
LG