Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Баткенде күйүүчү май аткезчилиги токтой элек


Бүгүн Ош шаарында өткөн күч түзүмдөрүнүн жыйында Баткен облусунун губернатору Арзыбек Бурканов көрүлүп жаткан чараларга карабастан, соңку мезгилде күйүүчү май аткезчилиги боюнча бир нече факт катталганын билдирди. Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйынга катышкан премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов аткезчилик менен күрөшүү үчүн түзүлгөн штабдын жетекчилигине кыргыз-тажик чек арасын тыкыр көзөмөлдөө тапшырмасын берди. Мындан тышкары ички иштер министри Зарылбек Рысалиевге кайрылып, кармалган күйүүчү майларды мыйзамдын чегинде конфискациялоону көзөмөлдөөгө чакырды. Бул жыйында Бабанов өзү күйүүчү май аткезчилигине тиешеси бар деген кептерди четке какты.

Өкмөт карамай аткезчилигин тыюу үчүн 9-сентябрда атайын штаб түзгөн. Буга чейин Кыргызстан Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Жумакадыр Акенеев күйүүчү майды 3-4 ай мурдагыдай жүк ташуучу чоң автомашиналар менен мыйзамсыз ташып чыгуу жок экенин, бирок челектерге куюп алып 5-6 литрден чакан партиялар менен жөө же ат жолдору аркылуу тажик тарапка ташымай дагы эле уланып жатканын билдирген. (KKs)

XS
SM
MD
LG