Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Административдик ресурска каршы биригүү


БШКдагы шайлоочулардын тизмесин тактоо иштери, 2011-жылдын 17-октябры.
БШКдагы шайлоочулардын тизмесин тактоо иштери, 2011-жылдын 17-октябры.

Үгүт иши аяктарына беш күн калганда административдик ресурска каршы күрөшөбүз деген ураан астында 8 талапкер меморандумга кол койду.

Ушул эле күнү талапкерлердин бири Камчыбек Ташиевдин штабы атаандаштары каралап жатат деп билдирди. Тизмеге байланышкан алешемдиктер дагы байкоочулар арасында кеңири сөзгө алынууда.

Ташиевдин штабы коңгуроо кагууда

Бүгүн Камчыбек Ташиевдин басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов жер-жерлерде, өзгөчө түштүктөгү облустарында Ташиевди каралаган баракчалар таркатылып жатканын жарыя кылды:

- Баракчада мындай деп жазылган: “Камчыбек Ташиев 18-октябрдагы теледебаттан кийин түн жамынып барып, Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүп, ага 5 миллион долларга сатылды”. Эч кандай мындай сүйлөшүү болушу мүмкүн эмес. Бул жөн гана кара пиар. Ачыгын айтканда Атамбаев менен Мадумаров тарабынан. Түштүктө так Мадумаров жактан болушу мүмкүн.

Анаркуловдун айтымында, мындай баракчалар алгач Жалал-Абаддын Кочкор-Ата шаарында табылгандыктан, Ташиевдин штабы шаардык милицияга кайрылышкан.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы болсо мындай арыз келбегенин билдирди. Алмазбек Атамбаев менен Адахан Мадумаровдун штабы бул маалыматтарды четке кагышты.

Мадумаровдун кеңешчиси Кыяз Молдокасымов айтылган сындарга мындай жооп кайтарды:

- Камчыбек Ташиевди каралаган баракчаларды таркатууга эч кандай муктаждык да, зарылчылык да жок. Адахан Мадумаровдун жактоочулары тарабынан мындай иштер жасалганын уккан да жокпуз, билбейбиз да.

Кыяз Молдокасымов бүгүн Мадумаров баштаган сегиз талапкер чогулуп, шайлоодо административдик ресурска каршы күрөшүү боюнча меморандумга кол коюшканын кошумчалады.

Административдик ресурстар колдонулуп жатат деген сын азыр Атамбаевдин дарегине айтылууда. Ага жараша меморандумга кол коюуга катышпаган талапкерлердин бири Алмазбек Атамбаев болду.

Анын шайлоо штабынын өкүлү Фарид Ниязов болсо, меморандумга кол коюуга Атамбаевдин штабына чакыруу берилбегенин белгиледи:

- Атамбаевдин штабы эч качан кара пиар менен алек болгон эмес. Азыр да мындай кылбайт. Башка талапкерлер боюнча эч кандай баракчалар таркатылган жок. Ал эми административдик ресурс боюнча айыптоолорду айтсак, меморандумга кол койгон адамдар административдик ресурс менен буга чейинки шайлоолордо күрөшсө болмок. Ал убакта чындап эле бул жагдай күч алган. Азыр системалуу түрдө административдүү ресурс колдонулган жок. Атамбаев буга муктаж эмес.

Шайлоочулардын тизмесине кирбей калгандар бар

Талапкерлер арасында бул өңдүү кайым айтышуулар уланып жатканда, шайлоочулардын тизмесин тактоого байланыштуу жаңы маселелер пайда болууда. Маселен, “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын өкүлү Медер Талканчиевдин билдиришинче, Кыргызстандын бир катар аймактарында милдеттүү медициналык камсыздандыруу, же идентификациялык номурлары жок адамдар тизмеге кирбей калышкан. Натыйжада алар добуш бере албай калышы мүмкүн:

- БШКнын инструкциясы боюнча, ошол идентификациялык номур, эгер болсо тизмеге киргизилип, болбосо туулган жылы, датасы өңдүү маалыматтар баары бир тизмеге кириши керек эле. Бирок тилекке каршы мобилдүү топтордун мүчөлөрү идентификациялык номурду милдеттүү деп эсептеп алып, ушундай жагдай пайда болууда. Азыр бул жагдайдан улам канча адам тизмеге кирбей калганы такталууда.

БШК болсо адамдын идентификациялык номурлары жок болсо да, жарандардан арыздар кабыл алынышы керектигин, Кыргызстанда идентификациялык номурлары болбогон адамдар дээрлик жок экендигин билдирүүдө.

Ал арада тергөө абактарында кармалып, сот өкүмүн күтүп жаткан жарандар 29-октябрда убактылуу кармоочу жайларда добуш берери белгилүү болду. Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Жолдошбек Бусурманкуловдун билдиришинче, бул күнү Кыргызстандагы беш тергөө абактарында кармалып жаткан 1900дөн ашык адам добуш беришмекчи.

Ошондой эле бүгүн “Кыргызстандын аксакалдар кеңеши” коомдук уюму маалымат жыйынын өткөрүп, элди бөлүнүп жарылбоого, татыктуу талапкерди тандоого чакырды.

XS
SM
MD
LG