Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:07

Египетте элдик ыңкылапка күнөөкөр эки полициячы соттолду


Египет соту эки полициячыны оппозиция активистин уруп өлтүрүп койгону үчүн жети жылга кести. Алар былтыр июнда Халед Саид деген жигитти Интернет кафеден сууруп чыгып, Александриянын элдүү көчөсүндө өлтүрө сабап салышкан. Саиддин өлүмүнөн кийин полициянын мыкчаачылыгына жана адам укуктарын бузуусуна каршы Фэйсбукта нааразылык акциясына чакырган үндөө чыккан. Бул окуя 2011-жылы 25-январда президент Хосни Мубаракка каршы элдик козголушка түрткү болуп, 18 күндөн соң Мубарак бийликтен кулатылган.

XS
SM
MD
LG