Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:54

Ошто жер тамдарды калыбына келтирүү иши 2,5 айга кеч жүрүп жатат


Ош шаарында жер тамдарды куруп, калыбына келтирүү иштеринин тартиби 2,5 айга кечеңдеп жатат. Бул тууралуу бүгүн журналисттерге Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Жантөро Сатыбалдиев билдирди. Анын айтымында, кечигүүнүн себеби уруксат алуу иштери кармалгандыкта болду. Мисалы, архитектура башкармалыгы кызыл сызык өтүүчү жерлерди аныктаганча убакыт өтүп кетти.

67 жер тамдын абалы оор экени айтылды. Алардын арасында пайдубалы куюла электери да бар. Жалпысынан, быйылкы жылдын жыйынтыгы боюнча 1,5 миң жер там курулуп, пайдаланууга берилээри айтылууда.

2010-жылдын июнь айындагы улут аралык коогалаңда 400дөн ашуун адам набыт болуп, миндеген турак-жай, имараттар талкаланган. Эң көп кыйроолор Ош шаарында болгон. (MTo/RK)

XS
SM
MD
LG