Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Түркияда зилзала курмандыктарынын саны 523кө жетти


Түрк расмий өкүлдөрүнүн бүгүнкү билдирүүлөрүнө караганда, мындан тышкары дагы 1650 киши жаракат алды.

Азыркыга чейин урандылар алдынан 185 киши чыгарылды. Бүгүн куткаруу иштери жаандан жана суук аба ырайынан улам кыйындады.

Өкмөттүн дарегине үй жайсыз калгандарга чатырлар жетишсиз болуп жатат деген сын айтылууда. Анадолу жаңылыктар агенттигинин кабарына караганда, бүгүн Түркиянын соңку кездери мамиле начарлап кеткен коңшусу Изралдин учагы келди.

Кечээ түрк бийликтери зилзалага байланыштуу чет өлкөлөрдүн жардамын кабыл алууга даярдыгын билдирген. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, Кыргызстан Түркияга зилзалага байланыштуу бир миллион сом жардам жөнөтөт.

XS
SM
MD
LG