Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Шайлоо: үч талапкер жарыштан чыкты


Беш-Күңгөй айылында шайлоо бекети, 26-октябрь 2011-жыл.
Беш-Күңгөй айылында шайлоо бекети, 26-октябрь 2011-жыл.

27-октябрда Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы үч талапкердин каттоосун жокко чыгарды. Ал арада шайлоочулардын жаңыланган тизмеси белгилүү болду.

Шайлоого саналуу күндөр калганда жарыштан чыккан талапкерлердин аттарын бюллетенден чийип чыгуу иши талкууга түшүүдө.

27-октябрда Боршайком Роман Оморов, Алмамбет Матубраимов жана Жумабек Токтогазиевдин арыздарын карап, аларды талапкерлердин катарынан чыгарды.

Натыйжада 30-октябрга белгиленген президенттик шайлоого 16 талапкер ат салышаары анык болду.

Ал арада тизмени тактоого бөлүнгөн убакыт соңуна чыгып, Кыргызстанда 3 миллион 34 миң шайлоочу бар экени белгилүү болду.

БШК мүчөсү Ишенбай Кадырбеков билдиришинче, шайлоочулардан түшкөн бардык арыздар каралып, тизмеге киргизилди, мындан тышкары көзү өтүп кеткен 24 миңден ашык киши тизмеден чыгарылды:

- Мурда тизмеде жок болуп жаңы киргендер 106 миң 553 киши. Өзүнүн шайлоо дарегин алмаштыргандардыкы 147 миң 682 киши болду. Ал эми тизмеде аты-жөнү туура эмес жазылып калып, оңдогондордун саны 18 миң 900дөн ашты. Ошентип 250 миңге жакын адамдар өзүлөрү шайлоо участкаларына барып, шайлоого катышам деп, тизмелерди оңдошту. Мындай активдүүлүктү күткөн эмеспиз.

Ошентип шайлоочулардын акыркы тизмеси белгилүү болгондон кийин дагы кошумча 37 миң 200 бюллетен чыгаруу муктаждыгы пайда болду. Буга чейин 3 миллион бюллетен чыгарылып, аймактык шайлоо комиссияларына жиберилген болчу. Президенттикке 16 талапкер калганына карабастан, бюллетенде 23 талапкердин ысымы жазылып калган.

Качан гана бюллетендер жергиликтүү шайлоо комиссияларына жеткирилгенден кийин, жарыштан чыккан жети талапкердин ысымы чийилип чыкмакчы. Бул жагдай бурмалоолорго жол ачып, шайлоо бюллетендерин жараксыз абалга алып келбейби деген суроо коомчулукта талкууга алынууда.

“Таза шайлоо” ассоциациясынын жетекчиси Айнура Усупбекова мыйзамда бул жобо бар экенин тастыктап, жергиликтүү комиссия мүчөлөрүнө түшүндүрмө берилиши керектигин белгиледи:

- Эгерде эл көп болуп калып, адам факторунун негизинде башка талапкерди чийип салышы мүмкүн деген кооптонуу көп. Мындай жагдайды алдын алуу үчүн биз БШКга кайрылуу жасаганбыз. Шайлоо күнү ар бир участкалык комиссияга жок дегенде калган талапкерлердин аттарын илип коюуну жана шайлоо комиссияларына ысымдарды кантип чийип салуу боюнча так көрсөтмө берүүнү өтүнгөнбүз.

Ош шаарындагы шайлоо бекети
Ош шаарындагы шайлоо бекети
Мындай кооптонуулар бүгүн Боршайкомдун отурумунда да талкууга алынды. Натыйжада жергиликтүү шайлоо комиссиялары үчүн талапкерлердин ысымын чийүүнүн жол-жоболорун түшүндүргөн үлгүлөр таркатыла турган болду. Боршайкомдун аппарат жетекчиси Марат Султанов жагдай боюнча буларга токтолду:

- Мыйзамда көрсөтүлгөндөй, бюллетенде жарыштан чыккан талапкерлигин биринчи номурунан баштап, аягына чейин, аты-жөнү, туулган жылы жазылган саптардын баарын, белги коюла турган төрт бурчтукка чейин калем менен чийип чыгуу керек. Азыр биз кат даярдайбыз. Анан үлгү катары шайлоо участкаларына жөнөтөбүз. Антпесе кичине туура эмес чийилип калса эле, бюллетен жараксыз болуп саналып калат.

Шайлоого саналуу мөөнөт калганда, президенттикке талапкерлердин телетаймаштары жыйынтыкталганы турат. Бүгүнкү кечиндеги акыркы телетаймаштарга талапкерлер Төрөбай Колубаев жана Алмазбек Атамбаев катышат.

XS
SM
MD
LG