Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:20

Ошто шайлоо участокторунун коопсуздугу күчөтүлдү


Ош шаарында шайлоо участокторунун коопсуздугу күчөтүлдү. Бюлеттендер жеткирилээри менен ар бир шайлоо участогун бир нече милиция жана бирден улуттук коопсуздук кызматкери кайтарууга алмакчы болду. Шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Марат Орозбаев "Азаттыкка" кабарлагандай, 570 милиция шаардагы 73 шайлоо участогуна бөлүндү. Ошондой эле учурда ошто 3 блокпост иштеп атат. Шайлоо күндөрү күч органдарынан түзүлгөн 4 стационардык жана 2 мобилдүү топ күнү-түнү шаардын көчөлөрүн аралап, коопсуздукту көзөмөлдөйт. Ал ортодо шайлоочулардын арасында кооптонуулар орун алууда деп билдирет кабарчыбыз Эрнист Нурматов. (ErN/RK)

XS
SM
MD
LG