Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:04

Отунбаева туруктуулук алып келчү талапкерге добуш берди


Президент Роза Отунбаева Кыргызстанга туруктуулук жана өнүгүү алып келчү талапкерге өз добушун берди. Бул тууралуу өлкө башчысы добушканага чогулган журналисттерге айтты. Президенттин пикиринде, "кыргыз эли көрөгөч, татыктуу мамлекет башчысын шайлап алат". Роза Отунбаева былтыркы апрел окуяларынан кийин өлкө жетекчилигине келген. Бүгүн өтүп жаткан шайлоодо жеңген талапкерге президенттик кызматты жаңы жылдан тарта өткөрүп бериши керек. Талапкерлердин саны 16 адам. (KE/RK)

XS
SM
MD
LG