Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:12

Алайкууда кардын калыңдыгы жарым метрге жетип калды


Оштогу Алайкуу өрөөнүнүн тургуну Токтомуш Мырзабаевдин "Азаттыкка" билдиришинче, учурда Алайкууда жааган кардын калыңдыгы жарым метрге жетип калды. Эки-үч күндөн бери тынбай жааган кар бүгүн да жаап жатат. Аталган өрөөндө 20 миң чамалуу калк жашайт. Ал жакка өтүүчү бир гана жол бар.

Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 75-чакырымында (Кара-Таш участогу) кечээ кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган болчу. Бүгүн саат 10:30да жол ачылганын "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирген.(MTo/RK)

XS
SM
MD
LG