Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:13

Мунаса масилети: азырынча жыйынтык жок


Президенттикке талапкерлер: Адахан Мадумаров, Алмазбек Атамбаев жана Камчыбек Ташиев.
Президенттикке талапкерлер: Адахан Мадумаров, Алмазбек Атамбаев жана Камчыбек Ташиев.

2-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков президенттикке талапкерлер менен сүйлөшүүлөрдү улантты.

Шайлоонун жыйынтыгын тааныбай жаткан талапкер Адахан Мадумаров мунасага келүү мүмкүн экенин билдирди. Ошол эле учурда бир катар талапкерлер шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу жүйөөлөрүндө бекем турушат. Парламентте жабык өткөн сүйлөшүүлөргө шайлоодо утулуп калган талапкерлер, БШКнын бардык мүчөлөрү жана фракция лидерлери катышкан болчу.


Мадумаров: шайлоо таза өткөнү далилдениши керек



Президенттик шайлоодо экинчи орунга чыгып, бирок бул жыйынтыкты тааныбай жаткан Адахан Мадумаров парламенттеги бүгүнкү сүйлөшүүлөр учурунда журналисттерге пикирин билдирип, соңку кырдаалда мунасага келүү мүмкүн экенин белгиледи. Бирок ал үчүн бардык мыйзам бузуулар тыкыр иликтенип, шайлоо таза өткөнү далилдениши керектигин айтууда:

- Консенсус болбогондон башка арга жок. Азыр бул жерде бардык фракциянын өкүлдөрү, бардык талапкерлер, БШКнын мүчөлөрүнүн катышуусунда абдан ачуу чындык айтылды. Мени кубандырганы, азыр бүт баары кайра артка кетип жатканы. Артка кетип баратканы: мыйзам чийки болгону, жанагы тизмелер туура эмес түзүлүп калганы, 100 миңдеген кишилер добушун бербей калганы. Тизме бүгүнкү күнгө чейин так эместигин мына Туйгуналы Абдраимов өзү мойнуна алды.

Адахан Мадумаров талапкерлердин катышуусунда коомдук телеканал аркылуу талкуу уюштуруу зарыл экенин кошумчалады. Кантсе да, айрым талапкерлер дале болсо шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу керек деген жүйөөнү карманып турушат.


Жалал-Абадда тарапкерлери нааразылык акциясына чыгып жаткан Камчыбек Ташиевдин басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов буларга токтолду:

- Шайлоо көптөгөн мыйзам бузуулар менен өткөндүктөн, биз баштагыдай эле жыйынтыктарды жокко чыгарууну, жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылып жатабыз.


Талапкерлердин талабына БШК макулбу?




Айрым талапкерлер добуш берүү учурунда жүз миңдеген адамдардын тизмелери бурмаланганын айтканы менен БШК бул маалыматтарды четке кагууда. Боршайком төрагасы Туйгуналы Абдраимов азырынча үч шайлоо бекетиндеги добуштар жокко чыгарылганын айтып, добуш берүү учурундагы алешемдиктер шайлоонун жалпы жыйынтыгына таасир тийгизбей турганын ачыктады. БШК төрагасы талапкерлердин дооматтары эске алынарын да кошумчалады:

- Биз талапкерлердин ойлорун уктук. Анан айттык, арызды бергиле, текшеребиз дедик. Керек болсо, айткан добушканалардын баарын ачып, өзүңөр менен чогуу кайра санап бергенге даярбыз дедик.

30-октябрдагы президенттик шайлоо, шайлоочулардын тизмеси
30-октябрдагы президенттик шайлоо, шайлоочулардын тизмеси
Бүгүн парламентте жабык өткөн сүйлөшүүлөргө президенттик шайлоонун жыйынтыгында эң көп добуш алган Алмазбек Атамбаев ден-соолугуна байланыштуу катышпай калганы жана дагы бир-эки талапкер келбегени белгилүү болду.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков оозеки айтылган дооматтар иш жүзүндө далилдениши керектигин белгиледи:

- Бардыгы мыйзам чегинде чечилиши керек. Ошол айтылган мыйзам бузууларды далилдеш керек да. Анан жөн эле келип алып, тигил жакты караш керек, бул жакты кайра караш керек деген болбойт.

Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековдун демилгеси менен өткөрүлгөн сүйлөшүүлөр кеминде эле төрт саатка чейин созулду. Анын жыйынтыгында, Келдибеков бул маселе 3-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы талкуусуна коюлушу мүмкүндүгүн кабарлады:

- Саясий баа берерден мурда бүгүн биз акылдаштык. Эртең талапкерлердин бизге жөнөткөн кайрылуусунун негизинде Боршайкомго жолдомо жиберебиз. Мыйзамдын негизинде караңыздар, ар бир айтылган маалыматты карап бизге кабарлайсыздар деп атабыз.

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялай элек. Парламенттеги Социал-демократтар фракциянын жетекчиси Чыныбай Турсунбековдун тастыкташынча, ушул маалда шайлоодо алгачкы үч орунду алган талапкерлер ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG