Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Меркел: Европанын финансы абалын жөндөөгө он жыл кетет


Германиянын канцлери Ангела Меркелдин айтымында, учурдагы карыз кризисинен чыгуу, жалпы эле финансы системасын жөндөө үчүн 10 жыл талап кылынмакчы. Бүгүн өзүнүн интернеттеги сайтында канцлер карыз кризисин бир жаңсыл кылуу үчүн көп күч, аракет керек экендигин жазды. Кечээ өнүккөн 20 өлкөнүн Франциядагы саммитинин күн тартибинде евро-аймактын көйгөйлөрү үстөмдүк кылган эле. Дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчылары Эл аралык Валюта корун бекемдеп, ага Италиянын бюджетин чектөө программасын көзөмөлдөө милдетин ыйгарууну макулдашышты. Ошондой эле Италияга жана башка карызга баткан евро-аймак өкмөттөрүнө болгон ишенимди бекемдөөнүн чаралары жактырылды.

XS
SM
MD
LG