Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:31

Эми кандай коалиция болот?


Шайлоодо утту делген Алмазбек Атамбаев кызматына киришкенден кийин коалициялык көпчүлүктүн кандай түзүлөөрү кызыгуу жаратууда.

Бул тууралуу 4-ноябрда Бишкекте өткөн “Шайлоонун жыйынтыгы. Андан ары эмне болот” деп аталган тегерек үстөлдө айтылды.

Талдоочулардын пикиринде, окуянын 3-4 багыт боюнча өнүгүшү күтүлүүдө. Бирок эң чоң күрөш өкмөт башчы кызматы үчүн жүрөрүн айтып жатышат.

Ким ким менен?

Баш мыйзам боюнча президент кызматына киришкенден кийин коалиция тарап, кайра жаңы коалиция, аны менен катар жаңы өкмөттүн курамы түзүлүшү кажет.

Көз карандысыз талдоочу Шерадил Бактыгуловдун пикиринде, коалициялык көпчүлүк төрт вариант боюнча түзүлүшү мүмкүн. Булар: эски коалиция, бирок жаңы өкмөт, экинчиси, эски коалиция - эски өкмөт, үчүнчүсү жаңы коалиция - жаңы өкмөт, төртүнчүсү, жаңы коалиция, бирок эски өкмөт болушу мүмкүн.

“Перспектива” аналитикалык борборунун жетекчиси Валентин Богатырев башкаруучу коалицияны кайсы партиялар түзүшү ыктымал экендигин мындайча айтты:

- Жалпысынан үч вариант бар: биринчиси, учурдагы коалиция кандай болсо, ошол бойдон калат. Экинчиси, азыркы коалиция кеңейип, анын курамына “Ар-намыс” фракциясы кирет. Ал эми “Ата Мекен” партиясы оппозицияда калат. Үчүнчү вариантта коалиция кайра түзүлүп, ага “Ата-Журт” фракциясы кирбей калышы мүмкүн.

Валентин Богатырев КСДП, “Республика”, “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракцияларынын ортосунда коалиция түзүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын кошумчалады.

Өкмөт башчылыкка көз кызарткандар көп

“Прогресс фонду” коомдук бирикмесинин төрагасы Адил Турдукулов Алмазбек Атамбаев кеңири коалиция түзүүгө аракет кылат деп эсептейт.

- Ага “Ата-Журт” фракциясы сөзсүз кириши зарыл. Бул жерде Атамбаевдин максаты парламенттеги беш фракциянын баарын коалицияга киргизүү болот. Анткени булар бир коалиция түзө албаса, Кыргызстандын саясий абалы курчуп кетиши толук ыктымал.

Дамира Ниязалиева
Дамира Ниязалиева
Талдоочулардын пикиринде, коалиция кандай түзүлгөн күндө да өкмөт башчылык орун үчүн олуттуу күрөш жүрмөкчү. Азыркы башкаруучу коалициядагы Социал-демократтар фракциясынын депутаты Дамира Ниязалиева:

- Албетте азыр чоң күрөш премьер-министрлик орун үчүн болот. Ошого жараша өкмөт мүчөлөрү да чечилет. Азыр коалицияга кайсы фракциялардын кирери боюнча сүйлөшүүлөр жүрөт.

Валентин Богатырев президент түндүктөн болгондон кийин өкмөт башчылык орунда түштүк облустарынын өкүлү болсо талапка ылайыктуу болмок деген ойдо.

- Өкмөт башчылык үчүн азыртадан чоң күрөш башталды. Ал орунга барууну каалаган бир топ адамдар бар. Бирок бул күрөш кандай аяктаары азырынча белгисиз. Атамбаевде коалиция түзүү боюнча көп мүмкүнчүлүктөр, аны менен бирге милдеттер да бар. Ал белгилүү милдеттердин бири - Өмүрбек Бабановду премьер-министр кылып дайындоо. Ошондой эле бир нече адам добуш берүүгө коюлуп, алардын арасынан тандалып алынган жеңил рейтинг да болот деген сөздөр бар. Ал эми көптөр бүгүнкү түзүлгөн кырдаалды эске алып, премьер-министр түштүктөн болушу керек деп айтышууда.

Анткен менен башкаруучу коалициянын курамы кандай болуп түзүлбөсүн коомдук-саясий турмушта эч кандай өзгөрүүлөр болбой тургандыгын көз карандысыз эксперт Шерадил Бактыгулов белгиледи:

- Алардын арасында жаңы адамдар болобу, же баягы эле эски министрлер келеби - маселе ушунда болуп жатат. Жаңы дегенде башка, жаңы адамдардын келгенин түшүнүш керек. Бирок жаңы коалиция болгону менен баягы эле депутаттар да. Жогорку Кеңештин ичинде алардын эле алмашуусу болот. Балким Жогорку Кеңештин төрагасы, орун басарлары алмашат. Ошондой эле көп болсо комитеттердин төрагалары алмашат.

Азыркы башкаруучу коалицияны өткөн жылы парламенттик шайлоодон кийин парламенттеги КСДП, “Ата-Журт” жана "Республика" фракциялары түзгөн. Кыргыз өкмөтүнүн жалпы курамы да ушул үч партиянын өкүлдөрүнөн куралган.

XS
SM
MD
LG