Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:52

ИИМ Отунбаевага “Датка айым” жана “Каармандык” медалдарын ыйгарды


Кыргыз милициясынын кадыр-баркын көтөрүп бекемдегени үчүн ички иштер министри Зарылбек Рысалиев президент Роза Отунбаевага “Датка айым” жана “Каармандык” медалдарын ыйгарды. Кечээ кыргыз милициясынын 87 жылдык мааракеси салтанаттуу түрдө өлкө башчысынын катышуусунда белгиленген.

Отунбаева милициянын былтыркы апрель жана июнь окуяларындагы өзгөчо ролуна токтолуп, өлкө бүтүндүгү үчүн жанын берген маркум милиционерлердин жаркын элесине таазим этээрин айтты.

Президент тартип коргоо органынын бир катар кызматкерлерине “Даңк” жана “Эрдик” медалдарын жана ардак граматоларды тапшырды. (ЕК)

XS
SM
MD
LG