Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:56

АКШ Конгресси Палестинага каржылык көмөктү улантууга жол ачты


Конгрессмендер буга чейин палестиналыктарга көмөк катары бөлүнгөн 200 миллион долларды тоңдуруп салган, анадй кадамга барууга Палестинанын Улуттар Уюмуна мүчөлүккө өтүү аракети негиз болгон.
Палестиндиктарге каржылык көмөк берүү 18-августта токтотулган.

Конгресстин Өкүлдөр палатасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Рос-Лехтинен сентябр айынын башында АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттигине кайрылгандан кийин төлөмдүн алгачкы 50 миллион доллар бөлүгү палестиндиктерге которулган.
Палестин полиция күчтөрүн каржылоого багытталган 148 миллион өлчөмдөгү экинчи төлөм бул каражат максатка ылайык колдонулбайт деген комитет мүчөлөрүнүн жыйынтыгынан кийин токтотулган.

Ошол эле учурда конргессмен Рос-Лехтинен баш болгон бир катар мыйзамчылар Улуттар Уюму тарабынан Палестин автономиясын эгемен мамлекет катары таанууга каршылыгын билдирип келет.

XS
SM
MD
LG