Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:16

Кыргызстан диний экстремизмге ээ боло алабы?


Тараздагы кол салуудан кийин, 12-ноябрь, 2011-жыл
Тараздагы кол салуудан кийин, 12-ноябрь, 2011-жыл

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусунун кезектеги чыгарылышы Кыргызстандагы диний кырдаалга, Казакстандагы диний-экстремизмдин шоокумдарына, радикалдуу исламга бөгөт коюу маселесине арналды.

Талкууга шейх Садыкжан ажы Камаллидин, казакстандык саясат таануучу Жасарал Кубанышалим, жазуучу Абдрахман Алымбаев жана саясий серепчи Санжар Тажыматов катышты.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: 12-ноябрда Казакстандын Тараз шаарында жанкечти жети адамдын, анын ичинде беш полициячынын өмүрүнө зобул келтирди. 31-октябрда Атырауда, 17-майда Ак-Дөбөдө ушундай жардырууларда бирден адам өлгөн. Атыраудагы катар-катар эки жардыруу үчүн жоопкерчиликти быйыл жайда алгач пайда болгон "Халифаттын жоокерлери" деген уюм өзүнө алды. Мындай уюм бар экенин казак бийликтери биринчи ирет Тараздагы жардыруудан кийин тастыктады.

Жасарал мырза, казак өкмөтү террордук аракеттери менен элге шоокум салган радикалдуу исламчылардын күч алуусун эмне менен түшүндүрүүдө?

Жасарал Кубанышалим: Казакстандын өкмөтү болуп жаткан жагдайларды диний-экстремизм, террорго аракеттер иретинде түшүндүрүп жатат. Кыскача айтканда бул диний-экстремизм гана эмес, мунун ичинде саясий-экономикалык себептер жатат деп эсептейм.
Кудай таануу жолунан башка да биздин улуттук кийим-кечеге, жүрүм-турумга, каада-салттарга аралашууда. Ушунун өзү исламга болгон шектенүүнү пайда кылып атат.

“Азаттык”: Кээ бир кыргызстандык талдоочулар эми расмий Астана диний-экстремисттик агымдарды кыса баштайт жана алар Кыргызстанга өтө качышат деп боолгошот. Кыргызстан кооптонуп чек ара күзөтүн күчөттү. Санжар мырза, чек араны бекемдөө өлкөнү радикалдуу исламчылардан коргой алабы?

Санжар Тажыматов: Бул маселени жалгыз гана улуттук коопсуздуктун алкагында кароо туура эмес. Себеби Улуттук коопсуздук кызматтар жана башкалар өрт бүткөндөн кийин өрттү өчүрүү үчүн барган машина катары болуп калууда.

Эгемендүүлүккө жетишкенден бери Борбор Азияда мамлекет менен диндин ортосундагы мамилени жөнгө салуучу иштер жакшы жолго коюлган эмес. Ал эми Кыргызстанда салыштырмалуу бул маселеде кичине жылыштар бар деп эсептейм.

Бул жерде диндин жана мамлекеттин негизги максаты - социалдык адилеттүүлүк. Бирок мамлекет негизги жоопкерчиликти алган. Ошол социалдык адилеттүүлүктү камсыздай албаган мезгилде дин саясатташып атат. Казакстандагы болгон окуялардан кийин Кыргызстанга экстремисттер өтүп, бул жактагы абалды курчутат дегенге мен кошула албайм, андай болушу мүмкүн эмес.

“Азаттык”: Шейх Садыкжан ажы, эмне үчүн ушул уюмдар ислам аттарын алып атышат? Бул Казакстанда гана эмес, Кыргызстанда деле, Пакистан жана башка мусулман өлкөлөрүндөгү ушундай террордук аракеттерге барып аткан уюмдар ушинтет.

Садыкжан ажы Камаллидин: Казакстанда жихат аскерлери, Кыргызстанда магдий аскерлери деп айтып атышат. Бирок ошону эч ким азыркыга чейин далилдеп берген жок. Ошондуктан биз ага ишенбейбиз.
Казакстандагы болгон окуялардан кийин Кыргызстанга экстремисттер өтүп, бул жактагы абалды курчутат дегенге мен кошула албайм, андай болушу мүмкүн эмес.

“Азаттык”: Өткөн айда кыргызстандык интеллигенттердин жоон тобу, 160тан ашык адам, анын ичинде таанымал акын Майрамкан Абылкасымова жана башка маданий ишмерлер, калемгерлер өлкө жетекчилигине "диний догмаларга каршыбыз" деген кат жолдоду. Катка Абдрахман мырза сиз да кол койгонсуз. Катта аң-сезими жете элек кыргыз кыздарын мусулманчылыкка ылайык хижаб кийүүгө азгырууга, айрым элдик каада-жөрөлгөлөрдү шариатка ылайык эмес деп молдокелер тарабынан тыюу аракетине нааразылык айтылат. Бул иш ушунчалык эле коркунучтуу мүнөзгө айланып кеттиби?

Абдрахман Алымбаев: Ар кандай дин адамга кудай таануу багытында иш жүргүзүшү керек. Ислам динин кийинки миң жыл ичинде биздин ата-бабаларыбыз карманып келгендиктен биз да ислам дүйнөсүнүн ичинде бир бутагы катарында туруп келатабыз. Кийинки 20 жылдын ичинде исламдын тереңдеп кириши жана анын идеологияга айланган формага өтүп атышы бизди кооптондурат.

Кудай таануу жолунан башка да биздин улуттук кийим-кечеге, жүрүм-турумга, каада-салттарга аралашууда. Ушунун өзү исламга болгон шектенүүнү пайда кылып атат. Бирок ошол эле убакта ислам дини илимий жол менен таралышына мен кошулат элем.
XS
SM
MD
LG