Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:44

Терроризм менен күрөштө имамдардын орду чоң


Имамдар калк менен жолугушуу маалында, Ош облусу
Имамдар калк менен жолугушуу маалында, Ош облусу

Кыргызстанда имамдар терроризм менен күрөшүүдө күч структураларынан кем калышпай аракет кылып жаткандарын билдирүүдө.

Ошол эле кезде алар өз коопсуздугуна да кабатыр болуп жатышканын белгилешти. Бул тууралуу 14-мартта Бишкекте өткөн “Террорчулукка каршы күрөш” аттуу семинарда айтылды.

Кыргызстанда террорчулук менен күрөшүүгө жакындан тарта диний кызматкерлер да тартылат көрүнөт. Эми дин ишмерлери менен имамдардын ислам менен терроризмдин айырмасын карапайым калкка ажыратып берүү амалы каралууда.

Бишкектеги Ишеналы Арабаев атындагы университеттин Теология бөлүм башчысынын орун басары Абдышүкүр Исмаилов терроризм менен күрөшүүдө имамдардын ролу өтө жогору деп эсептейт.

- Ошол эле террористтер коомчулуктун, жаштардын арасынан чыгып жатат. Демек бүгүн ошолор менен иштеш керек. Аны мугалим, айыл өкмөтү, албетте четте калбай имамдар жасаш керек.

Ошону менен катар Исмаилов көпчүлүк имамдар коомдогу мындай олуттуу иш-чаралардан четтеп, жүр-нары мамиле жасап жатканын кошумчалады.

- Бүгүн көйгөй имамдардын уктап жатканында болууда. Айылдарда имамдар жаназа, нике деп коюп эле башка иш кылбайт. Албетте баары эмес, арасында мыкты иштеп жаткандары бар. Бирок жалпы жонунан алганда жана иштин жыйынтыгын караганда, имамдар уктап жатат деп айтканга толук негиз бар.

Имамдардын коопсуздугун ким коргойт?

Терроризм менен күрөшүүдө имамдар бийликтерге кол кабыш кылып жатабыз деп эсептешет. Ошол эле кезде өз коопсуздугуна эч кандай кепилдик жоктугуна бушайман болушууда. Бишкекке улагалаш Пригородный айылынын имамы Нурдин Мамасабиров көпчүлүк имамдар кайсы бир шектүү адамдар же уюмдар жөнүндө ачык айтуунун арты эмне болоорун билишпейт, ошондуктан коопсуздугуна кабатыр деп айтууда.

- Ар кандай жаман нерселерди кайтаруу, ошол нерселерди жоюуда ар бир органдын коопсуздугу сакталган. Ошол эле мезгилде диний кызматкерлер да терроризм жана экстремизм менен күрөшүүдө чоң салым кошуп жатат. Бирок имамдардын канчалык деңгээлде коопсуздугу сакталган деген суроо жаралат. Деги ким алардын коопсуздугун сактап берет?

Мамасабиров эгер имамдардын коопсуздугуна кепилдик болгондо, диний ишмерлер терроризмдин менен исламды айырмалап, түшүндүрүүдө мындан да жемиштүү иштемек деп эсептейт.

- Эгер коопсуздук жакшы корголо турган болсо, мечиттерде имамдар мындан ары азыркыдан да жеткиликтүү кылып, жашырбай ачык-ачык эле айтып, түшүндүрмөк.

“Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборунун директор орун басары Данияр Мурадилов имамдарга коркунуч туулушу турган иш деп эсептейт. Андыктан эл алдында жалпылап, жымсалдап сүйлөш керек деп кеңеш берди.

- Ар бир имамдын артына бирден милиция койо албайсың да. Имамдар сүйлөп жатканда чечендигин колдонуп, кызыл тилдүүлүгүнө салышы абзел. Жалпылап сүйлөп, кайсы бир адамга такап сүйлөбөй, жымсалдап айтыш керек. Негизи имамдардан эч ким “сен баланча адамды атынан айт” деп талап кылбаш керек.

Имамдар ашынган динчил адамдарды жана шектүү диний уюмдарды өз мезгилинде тартип коргоо органдарына айтпай жашырып коюшат деген дооматтар тагылып жүрөт. Мындай доомат былтыркы түштүктөгү июнь коогалаңынан кийин айрыкча арбын айтылууда. Ал окуяларда имамдар өздөрү башаламандыкты уюштурган деген маалымат тарап, кийин ондогон имам кызматтан четтетилген болчу.
XS
SM
MD
LG