Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Ош: Имамдар элди ынтымакка чакырды


Ошто 60ка жакын мечит имамдары шаардын жанында жайгашкан Кызыл-Дыйкан айылын көчөмө-көчө кыдырып, ынтымак, ыйман жөнүндө даават кылышты. Динаятчылар ошондой эле маң заттарды жана куралдарды колдонууга ислам дини жол бербестигин айтып, андайдан алыс жүрүүгө чакырышты.

Оштун жакасында жайгашкан Кызыл-Дыйкан айылына чогулган 60ка жакын мечит имамдары алтыдан 10 топко бөлүнүп алып, көчөлөрүн кыдырып жолуккандарды ынтымакка үндөп жүрүштү.

2011-жыл Ошто улуттар аралык ынтымак жылы болуп жарыяланганы шаардагы динаятчылар бул жерге чогулуп, элди ынтымакка чакыруу иш-чарасын биринчилерден болуп башташты.

Нурбек Калмуратов
Имамдардын бири Нурбек Калмуратов көчөдөн чогулгандарга буларды айтты:

- Биз мына ушул ынтымаксыздыгыбыз, ушул акыбалыбызды балдарыбызга мураска калтырып кетебизби? Эгер балдарыбызды келечегибиз деп эсептесек, анда алар үчүн таттуу жашоону калтырып кетүү ар бир кыргыздын, ар бир өзбектин милдети. Күч органдары канчалык аракет кылбасын, өзүбүз каалабасак бардык нерсени токтото албайт. Ошон үчүн ар бир кишини көкүрөгүндө өзүнүн милициясы, өзүнүн сакчысы болушу керек. Канчалык аралашып жашасак, ошончолук бизден шайтан алыс болот. Мунун далилин биз кечээги коогалаңда көрдүк. Ынтымак жашаган жерде кыргызы өзбегин, өзбеги кыргызын сактап калып жатты.

Кызыл-Дыйкан айылындагы мечит
Динаятчы ошондой эле соңку мезгилде табылып жаткан куралдарга да токтолуп, бул иштерге аралашуу, жашыруу жакшы иш эмес экендигин белгиледи:

- Шаарыбызда болуп аткан ушундай жаман кылыктарды көрүп, биз кантип унчукпай тура алабыз? Бизди азыр тынч отурууга мүмкүнчүлүк берген окуялар болбой жатат. Ошондуктан бизди туура түшүнүп, айткандарыбызды үйдөгүлөргө жеткириңиздер. Мен да кыргызмын, кыргызга тартышым мүмкүн, сиз өзбек болуп өзбекке тарттыңыз дейли. Бирок ушул бизге пайда алып келеби? Ошон үчүн биз мусулманбыз деп жашашыбыз керек. Анан дагы бир айтып койчу нерсе, курал көтөргөндү эч качан жашырбашыбыз кажет.

Карапайым калк тынчтыкты каалайт

Ошол эле кезде кызылдыйкандыктар да имамдарга арыз-муңдарын айтып калышты. Өзүн Исамидин деп тааныштырган айыл тургуну коопсуздук маселесин ортого салды:

Исамидин карыя
- Сиздердин айтканыңыздардын баарына макулбуз. Бирок имамдар шаарды да кыдырып, башка маалелерге да даават кылышыңыздар керек. Биздин балдар көчөгө чыкса, жаштар урушса, сөгүшсө, бул мусулманчылыкка туура келбейт да.

Тургундардын өтүнүчтөрүнө өз кезегинде дин кызматкерлери жооп кайтарып, учурда ар бир кишинин көкүрөгүндө өкүнүч турганын, ошол себептен эл арасында анча-мынча түшүнбөстүктөр болуп жатканын айтышты. Шейит-Төбө мечитинин имамы Аназхан Ташкожоев:

- Эми мунун баарын айтуу бизге да оңой болбой жатат. Ар кимдин өзүнүн пикири бар экен. Адамдарда азыр түрдүү пикирлер болуп атат. Ошондуктан баарына сабыр кылып туралы. Биримдикте баарын жеңсек болот. Биз да мектептерде, коомдук жайларда бүт баарына ушул ынтымакчылык маселесин айтабыз. Бир күндө эле баары унутулуп калбайт экен да. Баары секин-секин болот...

Ислам кылмышка каршы

Ошентип күтүүсүз келген имамдарды бул жердегилер топ-тобу менен тосуп алышып, ынтымак, ыйман жөнүндө маселелерди угушту. Ошондой эле дин кызматкерлери ислам дини маң заттарды колдонгондордун жана мыйзамсыз курал алып жүргөндөрдүн тарапкери эмес экендигин айтышты.

Аназхан Ташкожоев
Имамдар түгөлү менен так ушул Кызыл-Дыйкан айылынан даават кыла баштаганы да бекеринен эмес. Мындан бир нече күн мурда күч органдары аталган айылдын бир тургунун маң зат менен кармаган мезгилде айылдыктар милиция өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүшкөн. Бул боюнча шаардык аппараттык жыйында сөз болуп, калаа жетекчиси шаардагы дин өкүлдөрүн бул айылды көчөмө-көчө кыдырып даават кылууну буюрган эле.

Облустук администрациянын дин иштери боюнча башкы адиси Токтосун Жапаров:

- Ош шаарынын имамдары жана облусттун айрым уламалары минтип чогулуп, ушул жерден баштап атканыбыздын да өзүнчө себеби бар. 8-январда тартип коргоо органдары ушул жердеги мааледен Мамахановдордун үй-бүлөсүнөн наркотик таап, аны кармап кетишкени жатса, айылдан түшүнбөгөн беш-алтоо чыгып алып каршылык көрсөтүшүптүр. Биз ошондуктан ушул айыл тургундарына келип, маң зат колдонуу, мыйзамсыз курал алып жүрүү, сойкулук ж.б. ушул сыяктуу жаман нерселер ислам динине туура келбесин айтып жатабыз.

2010-жылы жай айында болгон этностор аралык кагылышуулардан кийин эки элди жараштырууда дин өкүлдөрү чабалдык кылып жатканы буга чейин коомчулукта айтылып келген эле. Эми минтип жыл жаңыраары менен динаятчылардын айыл аралап, элди ынтымакка чакыра башташын көпчүлүк жакшы кабыл алууда.

Ошол эле кезде имамдардын буга чейинки чуулгандуу окуяларга аралашып калышы эл арасында дин кызматкерлерине болгон ишенбөөчүлүктөрдү жаратканы, эми алардын сөздөрү калкка жакшы жукпай турганы айтылууда.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG