Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:32

25 аскердин өлүмүнөн кийин Пакистан НАТОнун ташуу жолун жапты


Пакистандын мамлекеттик сыналгысы НАТОнун чабуулунан чек ара тосотунда 25 аскердин набыт болгондугун билдиргендей кийин, өлкө НАТОнун коңшулаш Ооганстанга жүк ташуусун токтотту. Хыбер уруу аймагындагы администриянын улук өкүлү Мутахир Хусейн «федералдык өкмөттөн буйрук алгандан кийин НАТОнун жүк ташуусу» токтотулганын бышыктады. Буга чейин бийликтер Мохманд уруу аймагындагы чек ара тосотуна тик-учма менен чабуулда сегиз аскердин өлгөндүгүн билдирген. НАТОнун Эл аралык Коопсуздук Жардам күчтөрүнүн өкүлү АФП агенттигине бул окуя тууралуу маалымат топтолуп жаткандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG